- Аял жыныстык катнашты каалап жатканын кантип билдирет
- Көз тийүүдөн кантип сактанса болот?
- “Буга көз тийиптир” же “сага көз тийген окшойт” деген сөздөрдү өмүрүңүздө жок дегенде бир жолу уксаңыз керек? Көз тийүү деген нерсе эмнени түшүндүрөт болду экен? Ислам дини буга кандай көз карашта? Ушул суроолорго жооп алганга аракет кылып көрдүк.
- Суперстан: Бит — Суперстан
- #1 Neizvestno1 13 Июль 2014 — 23:31
- #2 turnikmen 13 Июль 2014 — 23:49
- #3 tabyshmak 14 Июль 2014 — 00:00
- #4 Chuin 14 Июль 2014 — 00:09
- #5 Azem2013 14 Июль 2014 — 07:42
- #6 Azem2013 14 Июль 2014 — 07:46
- #7 momuntay 14 Июль 2014 — 08:01
- #8 Aijamalosh 14 Июль 2014 — 10:09
- #9 happy86 15 Июль 2014 — 13:16
- #10 madina.87 15 Июль 2014 — 16:38
- #11 Asan-aka 15 Июль 2014 — 16:43
- #12 sensei 15 Июль 2014 — 17:01
- #13 Aijamalosh 15 Июль 2014 — 17:13
- #14 MR.BEAN 15 Июль 2014 — 23:35
- #15 MR.BEAN 15 Июль 2014 — 23:37
- #16 happy86 16 Июль 2014 — 11:03
- #17 zarifa_love 16 Июль 2014 — 14:21
- #18 Жолоочу_Kosmopolitka_* 16 Июль 2014 — 16:43
- #19 MACKA 16 Июль 2014 — 16:56
Аял жыныстык катнашты каалап жатканын кантип билдирет
Аял эч качан “Төшөккө. ” дебейт. Ооба, аял деген табиятынан сырдуу келет. Анын маанайы эмне үчүн бир заматта бузуларын, кандай учурлар кубандырарын эркекке түшүнүү кыйын.
Айрыкча аялдын кайсы учурда дене лаззатын алгысы келерин жана даяр экенин билүү эркектер үчүн өтө кыйын болсо керек.
Анда эмесе аялзатынын дагы бир тарабын байкап көрбөйсүзбү? Аялдардын кандай “белгиси” аркылуу анын дене жакындыгын каалайт экенин билүүгө болот?
Сыртынан байкаңыз
Эркектин баары аялдын сырткы келбетине көңүл бурбай коё албаса керек, ээ?! Ушул учурда дагы бир аз жакшылап көңүл бурсаңыз, анын сизге жагууга аракет кылганын байкоого болот. Мисалы, күндөгүдөн моюну ачык кофта же этеги кыска көйнөк, жамбаш же көкүрөккө чапташкан кийим кийиши мүмкүн.
Аялды түшүнгүң келсе, мимикасына көңүл бур
Аялды угуп эле олтура бергенден эчким эч нерсе түшүнө албайт. Анын жүзүнө карап, мимикасына да маани берүү керек. Эрдин тиштегилесе, каштары ойноктоп турса, көз албай кадала караса, караган сайын күлүмсүрөй берсе, анда ошол түнү ал жыныстык катнаштан баш тарта албай турганын билдирет. Бирок, ага чейин маанайын түшүрө көрбөңүз.
Белги бериши мүмкүн
Ага да көңүл буруңуз. Эркек түшүнүп үлгүргөнчө ал бир нече жолу белги бериши мүмкүн. Мисалы, чай чыныны акырын сунуп жатып күлүмсүрөй караса, жакындашууну каалагандын белгиси. Ошондой эле кечки тамак үстүндө сиз менен тамашалаша баштайт. Сиздин адатта анын нервине тийген ар бир тамашаңыз да ошол күнү кызыктуу болушу мүмкүн. Аял жөн жерден тамашалашпайт. Мындай учурду колдон чыгарбаш керек.
Тазалыктан баштайт
Уктоочу бөлмөгө бир көз жүгүртүп коюңуз. Бүгүн балким төшөктөрдүн шейшеби өзгөрүп, коозуна алмашып калган жокбу? Мындайда. тез арада өзүңүз да жуунуп-чайканганыңыз туура болот.
Эркектердин эсинде болсун – аял эч качан “Бүгүн. ” деп ачык айтпайт. Ал бир гана кылыгы менен билдирет.
Источник
Көз тийүүдөн кантип сактанса болот?
“Буга көз тийиптир” же “сага көз тийген окшойт” деген сөздөрдү өмүрүңүздө жок дегенде бир жолу уксаңыз керек? Көз тийүү деген нерсе эмнени түшүндүрөт болду экен? Ислам дини буга кандай көз карашта? Ушул суроолорго жооп алганга аракет кылып көрдүк.
Диний аалым Кадыр ажы Маликовдун жин, кара дуба, сыйкыр, көз тийүү тууралуу жазган “Сулайман падышанын жоголгон тактысы” аттуу китебинде көз тийүү чындык экендиги айтылат:
“Көз тийгизүү атайылап да, кокусунан да болушу мүмкүн. Көз алсыз адамга же, начар коргонгон адамга тийүүсү ыктымал. Айрым адамдар көз тийүүгө ишенишпейт. Бирок көз тийүүгө ишенбей коюу аны көз тийүүдөн сактабайт.
Алсыз биоталаалуу жана алсыз мүнөздүү адамды күчтүү биоталалуу жана күчтүү мүнөздөгү ар бир эле табигый көзү жаман адам, көрө албастык, суктануу менен же жамандык каалоо ниетинде “көзүн тийгизе” алат. Башкача айтканда, көз тийүү – бул көз тийген адамдын энерго алмашуусунун бузулушуна алып келген бир адамдын экинчи адамга тийгизген биоэнергетикалык тетири таасири. Көз тийүү бул — сиздин жаныңызда пайда болгон адамдын жаман бузуку ниетинин түшүмү. Көрө албастык жана жаман ойдо болуу, качан алар атайылап кара ниеттик менен болсо ар дайым таасирдүү болот” деп жазылат китепте.
Бул жерде автор көз тийүүнүн белгилерине да токтолот:
Демейде көз тийүүнүн жана кара дуба аркылуу бузуунун симптомдору (белгилери) окшош. Тажрыйбалуу табып (дарыгер) гана бирин экинчисинен ажырата алат. Алгач, бул ачык көрүнгөн психикалык жана денедеги астения. Бул өтө чарчоодо жана арыктоодо, көңүл –маанайынын бир калыпта болбоосу, өзүн –өзү кармай албай калуусу, чыдамсыздык, бир орунга отура албастык, уйкунун бузулушу, узак убакытка чейин, акыл жана дене эмгектерине жөндөмүнүн жоголушу, өтө жарыкка жана күчтүү жыттарга чыдамсыздык аркылуу билинет. Демейде, көз тийүү куугунтукталган психикалык абалда, сиркеси суу көтөрбөгөндүктө, эркинин азаюусу же такыр жок болуусунда билинет. Арааны (аппетит) жоголот, нервдик-соматикалык системада бузулуу пайда болот. Окуп жатканда оорулуу катуу эстеп, ачуу көз жаш чыгып, баш ооруу, кусуу, ыктытуулар башталат.
Ар бир оорунун шыпаасы бар. Ал шыпаа Кудурети күчтүү Аллахтан болот. Көз тийген адамга Куран аяттары окулуп, дем салынат.
10 жылдан ашык убакыттан бери дем салып, адамдардын айыгышына себепчи болуп келе жаткан “Тойиба Каси” мечитинен Нурмухаммад Карыдан көз тийүү жана аны айыктыруунун жолдору тууралуу сурадык. Нурмухаммад Кары Пайгамбарыбыздын (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) үй-бүлөсүнө да көз тийгенин айтып берди.
“Мушриктер Пайгамбарыбыздын тукумунан эч ким калбасын деп көзү бар аялды анын неберелерине көз тийгизип өлтүрүүсү үчүн жөнөткөн. Пайгамбарыбыз ал аялдын үйдү көздөй келе жатканын көрүп, кызы Фатимага неберелерин бекитүүсүн айтат. Чоң –чоң таштарды тиздирип, үстүнө жууркан жаптырып коет. Аял үйгө келгенде балдар уктап жатат деп киргизишпейт. “Анда алыстан уктап жатканын бир көрүп кетейн” деп аял болбойт. Пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун)макул болот. Аял үйгө кирип, таштардын үстүнө жабылган жууркан жакты карап (аял жууркандын астында балдар жатат деп ойлогон), “Кандай таттуу уктап жатышат” деп суктанып кетет. Аял чыгып кетери менен Пайгамбарыбыз кызына жуурканды ачуусун суранат. Төшөктү алганда таштар кумга айланган болот. Бул жерден көз тийүү акыйкат экенин билебиз. Муну Пайгамбарыбыз өзү айткан”, — деди Нурмухаммад Кары.
Кандай адамдардын көзү тиет?
Бул суроону Нурмухаммад Карыга узатканыбызда ал мындай деп жооп берди:
“Кудай Таалам кээ бир адамдардын көзүнө өзгөчө энергияны берип коет. Мындай адамдар кимдир-бирөөнү суктанып караса, ал энергия ошол адамга өтөт да аны жей баштайт. Айрым адамдар өзүнүн көзү бар экенин билишпейт. Кээ бирлери билип калат да суктанбаганга аракет жасайт. Мындай көзү бар адамдар сейрек кездешет”.
Көз тийүүнүн белгилерин кантип ажыратасыз?
Нурмухаммад Кары адамга көз тийгенби, сыйкырланганбы же жин киргенби, мунун баары окуганда (Куран аяттарын окуганда) билинерин айтат.
“Диагноз коюунун өзүнүн жолдору бар. Көз тийүүнүн абдан көп белгилери болот. Алардын айрымдарын айтсам, мисалы, тамакка табити тартпай баштайт, дайыма башы айланып жүрөт, дене табы түшпөй, же тескерисинче, көтөрүлбөй туруп алат, кусушу мүмкүн, ичи өтөт”.
Көз тийүүдөн кантип сактануу керек?
“Мусулман адам 5 убак намазда эле эмес 24 саатын толугу менен Аллахка ибадат кылып өткөрсө болот. Бирок, тилекке каршы, көпчүлүк мусулмандар буга анчейин маани бере беришпейт. Биз ар бир кадамыбызды, иш-аракетибизди Аллахтын ысымы менен баштообуз зарыл. Мисалы, уйкудан ойгонгондогу дуба, үйдөн чыгардагы, мечитке кирип бара жаткан учурда, тамакка отурган кезде, жаңы кийим сатып алганда, дааратканага кирерде, уктар алдындагы дуба. Бул дубаларды маанилери менен жаттап алып, дайыма оозубуздан түшүрбөй айтып жүрсөк Аллах Тааланын коргоосу астында болобуз. Эртең менен жана кечинде Фалак, Нас, Фатиха, Ихлас, Ясин, Аят Аль Курси сүрөлөрү менен өзүбүзгө дем салып, денебизге үйлөп, же алаканга үйлөп денеге сүртүп турганыбыз жакшы. Көптөгөн хадистерде Пайгамбарыбыз Аят Аль Курсини өзгөчө баса белгилеп айтат, өтө күчтүү сүрө. Бирок, эскерте кетчү жагдай, минтип сактанып жүргөн адамдарга да көз тийип калуусу ыктымал. Бирок, адам сактанып жүргөнү үчүн Аллах Таала ал адамдын бул нерседен сынып калышына жол бербейт, баарыбир, Өз коргоосуна алат. Балким мындай жол менен сынап, аркасынан 2 жакшылык берет. Акыйкат хадисте бир жамандыктын артынан 2 жакшылык келери айтылат. Эң негизгиси, биз Куранды жашообузга сиңирип, Куран шыпаа берет дегенге катуу ишенишибиз керек. Аллах Таала Куранды мусулмандарга мээрим жана шыпаа үчүн түшүргөнүн бекеринен айтып жаткан жок”, — дейт Нурмухаммад Кары.
Сүрөт аркылуу көз тиеби?
Нурмухаммад кары: “Жок, сүрөт аркылуу көз тийбейт. Бирок сүрөт аркылуу дуалашат”.
Источник
Суперстан: Бит — Суперстан
- >Негизги темалар
- >Ден соолук жана сулуулук
- >Трихология
- ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
- Соңку билдирүүлөрдү кароо
- (4 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
- Сиз жаңы тема ача албайсыз
- Темага жооп жаза албайсыз
#1
Neizvestno1
13 Июль 2014 — 23:31
- Карапайым
- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 222
- Катталган: 10 Июль 13
- Соңку аракети: 13 Янв 2017 19:27
- Жынысы: Аялзаты
#2
turnikmen
13 Июль 2014 — 23:49
- Карапайым
- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 111
- Катталган: 18 Август 13
- Соңку аракети: 05 Авг 2015 15:03
- Жынысы: Эркек
- Калаасы: Street Workout
#3
tabyshmak
14 Июль 2014 — 00:00
- Активист
- Тайпасы: Жаран
- Билдирүүсү: 903
- Катталган: 21 Ноябрь 12
- Соңку аракети: 24 Июл 2021 09:25
- Жынысы: Аялзаты
- Калаасы: Суперстан
#4
Chuin
14 Июль 2014 — 00:09
- Карапайым
- Тайпасы: Тартип бузгандар
- Билдирүүсү: 266
- Катталган: 11 Май 14
- Соңку аракети: 23 Дек 2014 00:17
#5
Azem2013
14 Июль 2014 — 07:42
- Активист
- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 779
- Катталган: 23 Март 13
- Соңку аракети: 05 Июл 2020 13:28
- Жынысы: Аялзаты
- Калаасы: Бишkеk
Chuin (14 Июль 2014 — 03:09) жазган:
#6
Azem2013
14 Июль 2014 — 07:46
- Активист
- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 779
- Катталган: 23 Март 13
- Соңку аракети: 05 Июл 2020 13:28
- Жынысы: Аялзаты
- Калаасы: Бишkеk
turnikmen (14 Июль 2014 — 02:49) жазган:
#7
momuntay
14 Июль 2014 — 08:01
- Активист
- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 1 755
- Катталган: 06 Апрель 14
- Соңку аракети: 09 Авг 2018 15:55
- Жынысы: Аялзаты
- Калаасы: Орто Азиядагы Байыркы шаар
Илгери суу таза болгон эмспи же шампуньдар кучтуу эмес беле бит баса берчукен го. Кезеке турушуп бит сиркелерин тазалатышчукен. Эжелерим айтып калат.
Эгерде бит жугузуп алса азыр анын жарасы женил. Тияка барбай турат бул бир, таза жуунтуп мончого андан сон кол менен башты жакшылап коз жаздымынан откоруу керек. Ак жоолука же марлиге майда тиштуу тарак менен абдан тароо, сиркелерин сыдыруу керек. Бит болгон сон сирке да болот да. Ал деген биттин личинкасы да.
Акыркы этап уксустан ( 1ст ложка) жарым челек сууга кошуп, башты жуулган сон чайкоо.
Айрыкча жаш кичине кыздарыбыздын чачын остургондо абайлайлы. Он оруп он тарайбыз го. Таза кармоо керек.
Алдын алсак болот кантип? Чачты башты жууган сон ным боюнча шапка кийуу ным боюнча байлоо бир жагыпан баштын нерв тамырларына зыян экинчи жагынан сиркенин личинкаларын кобойтот. Андыктан жууган сон жакшылап кургатуу абзел.
Азыркы учурда укмуш шампуньдар чыгып кетпедиби ошолор менен жуусак деле биттебейт го дейм. анан да агын сууга жууса да бат биттейт. Себеби ар кандай тируу личинкалар болот. Крантын же булактын суусуна жуугула деп совет берем.
Билдирүүнү түзөткөн: momuntay: 14 Июль 2014 — 08:03
#8
Aijamalosh
14 Июль 2014 — 10:09
- Активист
- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 1 210
- Катталган: 15 Декабрь 11
- Соңку аракети: 19 Окт 2020 15:32
- Жынысы: Аялзаты
- Калаасы: Бишкек
#9
happy86
15 Июль 2014 — 13:16
- Карапайым
- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 197
- Катталган: 22 Март 14
- Соңку аракети: 18 Ноя 2019 13:20
#10
madina.87
15 Июль 2014 — 16:38
- Супер-активист
- Тайпасы: Жаран
- Билдирүүсү: 3 700
- Катталган: 09 Апрель 14
- Соңку аракети: 23 Окт 2021 01:18
- Жынысы: Аялзаты
- Калаасы: Жолдошумдун айылы.
happy86 (15 Июль 2014 — 13:16) жазган:
Ойбой асмандан азыр тушкондойго мынабу бир тууганым.
Темага келсем мен ушу БИТ менен 5 жылдан бери курошуп келем.Бир кайынсиндимде такыр кетпей койду,ары тазалайм,бери тазалайм,ушул жакка жазгандардын баарын жасагам.Такыр жыйынтык болгон жок.Бул да кадимки эле оору сыяктуу экен.Жакында жездебиз(кыздын атасы)Россиядан 365рубл экен.Атайын битке дары жонотту темир тарагы менен экен.Бир сыйра башына шыбап,10муноттон кийин тарап салдым эле бир да бит бирда сирке калбай башы таптаза болуп калды.Кудайга шугур азыр жакшы.
#11
Asan-aka
15 Июль 2014 — 16:43
- Активист
- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 1 548
- Катталган: 10 Май 14
- Соңку аракети: 28 Окт 2016 12:18
- Жынысы: Эркек
- Калаасы: КАЙСЫЛ ЖЕРДЕ ЫЗЫ ЖАНА ЧУУ БОЛСО НАК ОШОЛ ЖЕРДЕ.
БАР БОЛОЛУ ТУГОНБОЙЛУ КУРДАШТАР
УЗАК УЗАК УЗАК БОЛСУН БУЛ САПАР
КЫЛЫМ БУТУП ДУЙНОДОН КОЗ ЖУМСАК ДА
КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУШЧУУ ЖОЛДОР БАР
#12
sensei
15 Июль 2014 — 17:01
- Активист
- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 599
- Катталган: 17 Сентябрь 13
- Соңку аракети: 27 Ноя 2020 12:40
- Жынысы: Эркек
happy86 (15 Июль 2014 — 13:16) жазган:
«Ден соолугу чың, олуттуу оорусу жок адамга гана бит жугат» деп уккан элем бала кезде..
#13
Aijamalosh
15 Июль 2014 — 17:13
- Активист
- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 1 210
- Катталган: 15 Декабрь 11
- Соңку аракети: 19 Окт 2020 15:32
- Жынысы: Аялзаты
- Калаасы: Бишкек
happy86 (15 Июль 2014 — 13:16) жазган:
#14
MR.BEAN
15 Июль 2014 — 23:35
- Карапайым
- Тайпасы: Тартип бузгандар
- Билдирүүсү: 100
- Катталган: 23 Май 14
- Соңку аракети: 09 Ноя 2014 23:17
Asan-aka (15 Июль 2014 — 16:43) жазган:
#15
MR.BEAN
15 Июль 2014 — 23:37
- Карапайым
- Тайпасы: Тартип бузгандар
- Билдирүүсү: 100
- Катталган: 23 Май 14
- Соңку аракети: 09 Ноя 2014 23:17
#16
happy86
16 Июль 2014 — 11:03
- Карапайым
- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 197
- Катталган: 22 Март 14
- Соңку аракети: 18 Ноя 2019 13:20
Aijamalosh (15 Июль 2014 — 17:13) жазган:
#17
zarifa_love
16 Июль 2014 — 14:21
- Активист
- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 407
- Катталган: 21 Февраль 13
- Соңку аракети: 08 Апр 2017 08:21
- Жынысы: Аялзаты
- Калаасы: якутя
#18 Жолоочу_Kosmopolitka_* 16 Июль 2014 — 16:43
- Тайпасы: Жолоочу
- Соңку аракети:
#19
MACKA
16 Июль 2014 — 16:56
- Супер-активист
- Тайпасы: Тартип бузгандар
- Билдирүүсү: 3 414
- Катталган: 10 Июнь 14
- Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
- Жынысы: Белгисиз
Neizvestno1 (13 Июль 2014 — 23:31) жазган:
Мен бит сыкканды аябай жакшы көрөм. Эжеңиздин кызын мага бир күнгө таштап кетпейсизби? Тазалап салайын. (Тамашасы жок).
Источник