Крысы бар уйдун ырысы бар

Крысы бар уйдун ырысы бар

№516 21-27-сентябрь, 2012-ж

«Карысы бардын ырысы бар» дейт элибиз. Качантан берки карылар үйүнүн ал-акыбалын көрүп келүү оюм орундалып, Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Октябрь айылындагы карылар үйүнө баш бактым. Үч кабаттуу имарат экен. Түштөнүү маалында барган экенмин, тамактанып жаткан карыларга жолтоо болбоюн деп аталган жайдын жетекчиси Майрам Узакбаеваны сөзгө тарттым .

«ЖАШ КЕЗДЕ ОЙЛОНУП ИШ КЫЛСА, МЫНДАЙ ЖЕРГЕ КЕЛМЕК ЭМЕС»

– Саламатсызбы? Карылар үйү, дегеле андагы жашоочулардын күнүмдүк турмушу тууралуу айтып өтсөңүз.
– Сузак райондук карылар жана майыптар үйү – Кыргызстандын түштүгүндөгү кароосуз калган карыларды, майыптарды тейлеген жападан жалгыз мекеме. Имараты Улуу Ата Мекендик согуш аяктаган жылы курула баштаган. Кийин Союз ураганда курулуш иштери токтоп, корпустар чала бүткөн боюнча калган. Учурда карамагыбызда 96 кары бар. Кээде 110го чейин жетип, кээде төмөндөп кетет. Каза болуп калгандар болот. Кээде эрежеге каршы чыгып, баш ийбей койгондорду кетирүүгө аргасыз болобуз. Көбүнчө жашы 70-90дун аралыгындагы адамдар. Аракечтер, селсаяктар да аз эмес. Смета боюнча, ар бир кишинин бир күндүк тамак-ашынын баасы 55 сомду түзмөк. Бирок демөөрчүлөрдүн жардамы менен учурда ар бирине 75 сомдон сарпталууда. Ал эми жумушчулардын саны 65, көпчүлүгү бир жарым ставка менен иштешет. Бир жылда бир жолу Октябрь райондук ооруканадан кароодон өтүп турушат.

– Бул жерде кайсы улуттун өкүлдөрү көп?
– Орус улутундагылар басымдуулук кылат, анан эркектер. Кыргыздарда аял кишинин кароосуз калганы азыраак болот окшойт.
Бир жолу бир кары түшүп калды. Жогорку билимдүү, ар кандай жогорку кызматтарда иштеп жүргөн адам эле. Анын биринчи аялынан бир бала калган экен таятасынын колунда, кийин ошол таштап кеткен баласы издеп келди. Бир күнү ал киши катуу ооруп калды. Баласы келип «ата, алып кетейин» десе, такыр көнбөйт, «мен сени баккан, тарбия берген эмесмин, карыганда сага доомду арткым келбейт» деп. Кийин ал киши каза болуп, баласы келип сөөгүн алып кетти. Ошондуктан жаш кезде ойлонуп иш кылса, мындай жерге келмек эмес деп ойлойм.

– Сиздерге жардам бергендер болобу?
— Жогорку кызматта иштегендер менен бизнесмендерге караганда, жөнөкөй, адамдар көп жардам беришет. Айт майрамдарынын алдында этти жеп түгөтө албай калабыз.

«20 ЖАШТАГЫ КЫЗ 75 ЖАШТАГЫ АДАМГА ТУРМУШКА ЧЫГЫП. »
Майрам эже менен маектеше ашкана тарапка бастык. Ичимден «кандай тамактарды жасашат болду экен. » деп бара жаттым эле, жок, тамактары жакшы экен. Даамдап да көрүүгө жетиштим. Эти жогу эле болбосо, кадимки даамдуу тамак. Коридордо бара жатсам, өзүнчө күбүрөнүп сүйлөшкөндөрдүн дабышы, онтогон үндөрү угулуп жатты. Алар оор акыбалда жаткан карылар экен. Тынчын алып кирген жокмун. Бирде эч нерсе билбей жаткан карыга көзүм түшсө, бирде бир бөлмө тубаса майыптарга. Баса, бул жайда түгөйүн таап, бактылуу болгондор да жок эмес экен. Майрам эже түгөйлөрдүн бирин көрсөтүп: «Аты Марина. 20 жашта. Өзү тубаса майып. Мага кирип эле «Аман байкени (75 жашта) сүйүп калдым» дей бергенинен баарыбыз чогулуп той жасап, экөөнү үйлөнтүп койдук» ,- деди. Бактылуу түгөйлөр сүрөткө түшүп бергени менен, маектешкенден баш тартып коюшту. Алар үчүн атайын бөлмө бөлүнүп берилген экен. Андан кийин сыртта отурган Эсенаалы аттуу аксакалды кепке тарттым.

– Бул жерге кандайча келип калдыңыз эле?
– 2005-жылы 7-сентябрда келгем. Өзүм Казармандан болом. 1942-жылы 7-майда төрөлгөм. Жашым 72де. Балалуу болгон эмесмин. Кемпирим каза болгондон кийин көзүм жакшы көрбөй калды. Ошондон соң айыл өкмөтү мени бул жакка жөнөттү. Болбосо карылар үйүнө келейин деген оюм жок болчу. Туугандарымды да Кудай менден эрте алды. Бир тууган агам бар эле, көзү жакшы көрчү эмес. Мен бул жакка келгенден кийин анын да кемпири каза болуп калды. Аны баласы карап жүргөн, анан ал уулу да каза болуп калыптыр. Алардын артынан агам да кете берди. Мен аны кийинчерээк уктум.
Бир күнү ушул имаратты бойлой басып жүрсөм, алысыраак бир карындашымды көрүп калдым. Ошол карындашым айтты агамдын каза болгонун. Ашканага тамактанганы киргенде куран окуп койдум. Эмне кылмак элем башка? Ошондон бери ушул жердемин. Калп айтпайын, жакшы карашат. Тамак-аш, кийим-кечек, баары ойдогудай, ыраазы болуп отурабыз. Өкмөттүн жакшылыгы ушул да, жаткырып багып жатат.

– Жаш кезиӊизде ким болуп иштедиңиз эле?
– Менин иштебеген ишим калган эмес, кызым. Ал кезде машак терчү элек. Тракторчу да, комбайнчы да болдум. Чалгы чаап, орок оруу деген нерселер мага көнүмүш иш болчу.

«ЧЁРНЫЙЛАР» САБАП КЕТИШТИ»
Бул жерде жалаң карылар эмес, түрдүү себептер менен жашап жүргөн жаштар да бар. Коридордон майыптар арабасында отурган жаш жигитти көрүп, аны маекке тарттым.

– Атың ким?
– Абдыкар. 1989-жылы 13-майда Ош облусунун Чоң-Алай районунда төрөлгөм.

– Бул жерге кантип келип калдың?
– Келгениме 8 айга чукулдап калды. Жаңы келгенде буту-колум иштечү эмес. Азыр колдорум жакшы иштеп калды, буюрса. Көзүм болсо бир адамды алтоо кылып көрсөтчү. Азыр, Кудайга шүгүр, көрүүм да жакшырды.

Читайте также:  Надоедливый кашель как избавиться препараты

– Эмне себептен буту-колуң иштебей калды эле?
– 2009-жылы Бишкекте дү­көндө түнкүсүн кароолчу болуп иштечүмүн. Бир күнү жумуштан чыгып баратсам, бирөөлөр сабап кетишкен. Ошол маалда жарытылуу акчам деле жок болчу. Башым сыйрылган да, жарылган да эмес. Көрсө, соккунун күчү башымдын ичине түшүп кетиптир. Бир жарым айдай башым ооруп жүрдү. Бир нерсе жесем эле кусуп салам. Бир күнү уктап турсам эле оң тарабым иштебей калыптыр. Анан да көзүм кыйшайып, сүйлөй албай калдым. Арадан 2-3 саат өтүп, бутум кайра иштей баштады. Ошентип, Чоң-Алайга, ата-энемдин жанына бардым. Ал жакка барып эле тоого чыгып кетиптирмин, өзүмдүн эмне кылып жатканымды билбей. Анан ата-энем Ошко алып келип томографияга түшүрүштү. Ал жерден туура эмес диагноз коюлуп, менин оорума тиешеси жок дарыларды ала берген экенмин. Мындан улам эки колум, эки бутум таптакыр иштебей, кулагым жакшы укпай калды. Кийин башымда жаракат бар экени аныкталып, ошондо гана туура дарылана баштадым. Тилекке каршы, аябай кеч болуп калган экен.
Мени ооруканадан «колубуздан эч нерсе келбейт» деп чыгарып салышты. Ошондон кийин Базар-Коргонго келдим да, 8 ай молдого каттап, бир аз буттарыма жан киргендей болду. Анан бул жерге алып келишти. Мында машыгуучу бөлмөгө кирип алып, бар күчүм менен аракет кыла бердим. Мурда бутума ийне сайсам билинчү эмес, азыр ургуласам ооруксунат. Бир нерсени кармап тура алам, анан кадам шилтөөгө келгенде эле оорчулук жаралат. Бутум өзүнөн-өзү титиреп, ийилип кетет. Буюрса, басып кетсем экен деген үмүтүм чоң.

–Кайсы балдар урганын эстей аласыңбы?
– Ал балдардын жүзү эсимде калган эмес. Мен бир окуяны эстей берем да. Бир күнү жумушта отурсам, дүкөндүн жанына кычыраган эки Жип келип токтоп калган. Аркы бетте турган жол коопсуздугу кызматкери келди да, алар менен ийилип саламдашып, кайра аркы бетке жүгүрүп кетти. Алар дүкөнгө киришти да, сатуучу кыздарга тийише башташты. Товарларды, нандарды чачып, тепкилеп жиберишти. Мен өз милдетимди аткарып, аларды чыгарууга аракет кылдым. Кыздар болсо сигнализацияны басууга үлгүрүшкөн экен, патрулдар келип, алар да унчуга албай кетип калышкан. Дүкөндүн ээси уйгур болчу, ал келип тигилердин машинасына сыралардан бери өзү жүктөп берип араң кетирген болчу. Ошондо алардын бири мага «сен аябай эле өзүңө ишенген бала экенсиң, абайла!» деп кеткен. Ошондон 3 күн өтпөй таңкы саат 6ларда мени сабап кетишти. Балким, ошол «чёрныйлар» эле болсо керек деп ойлойм.

– Ата-энең менен кабарлашып турасыңбы?
– Ооба. Үй-бүлөдө 2 бир тууганбыз. Менден кичүү иним бар. 2 карындашым бар эле, каза болуп калышкан.

– Ата-энеңдин жашы канчада?
– Чынын айтсам, унутуп калдым. 50гө жакындап калышты го. Акылым кирди-чыкты болуп жүрүп, өтмүшүм элес-булас эсте калгандай.

– Ким болгуң келчү?
– Кичинемден жан сакчы болсом дечү элем. Тилегим орундалбай калды окшойт. Бишкекте жүргөндө да Чыгыш-5 кичирайонундагы спортзалга барып тынбай машыгып турчумун.

– Сүйлөшкөн кызың бар беле?
– Бар болчу мурун. Бир эмес, көп болчу. Азыр алар күйөөгө чыгып кетишкендир.

– Азыр да кыздар менен сүйлө­шөсүңбү?
– Ооба, өздөрүн көрбөй эле телефондон сүйлөшө берген кыздар да баары. Аларга Бишкекте банкта иштейм деп коём.

Мына ошентип карылар үйүнөн кайттым. Баарыбыз картаябыз. Бирок улгайган убакта бала-чака, небере-чөбөрөнүн маңдайында дөө­лөт­түү карылык сүрүү буюрсун дейли.

«Супер-Инфо» гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу «Супер-Инфо» гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Источник

Тарбиялык саат:»Карысы бардын-ырысы бар»

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат:»Карысы бардын-ырысы бар»»

Сабактын темасы: Карысы бардын ырысы бар
Сабактын максаты: а) Жаңы теманы терең түшүнүшөт.
б)Окуучулар турмуштагы оң-терс жагдайларга карата баамчылдык сезимдерин, көз караштарын
өнүктүрүшөт, өз алдынча ой жүгүртүүгө багыт алышат.
в) Окуучулар ата-энеге кайрымдуу болууга, аларды терең урматтоого жана сыйлоого тарбияланышат.
Сабактын жабдылышы: таркатма материалдар , түстүү сүрөттөр, комуз
Сабактын жүрүшү:1) Уюштуруу
2) Үй тапшырманы суроо
3)Бышыктоо
Жаңы тема:
Мугалим: Жок болсо да ак сарайым алтыным,
Бүт ааламдан бүт дүйнөдөн мен баймын.
Менин дүйнөм, менин мүлкүм байлыгым,
Ата, апа, сиздердин тирүүлүктө барлыгың.
Ата-дөөлөт, эне- таалай бала үчүн,
Кадырлоого жумша андыктан бар күчүң.
Кылбасаң да чеке тердеп алп мээнет,
Ошол болсун коомго кошкон үлүшүң.
Ата менен эне тирүү барында ,
Эң башкы ишиң жан дилиңден кадырла.
Каза тапса арзыбайт бир тыйынга ,
Сен короткон алтының да, ыйың да.
Мактай албайм үйдөй алтын жыйнасам,
Мага десең академик , аалым бол!
Ата-энеңди терең урмат кылбасаң,
Адам деген асыл наамың болот кор.
Саламатсыздарбы! Урматтуу окуучулар “Ата- аскалуу тоо,эне-анын боорундагы булак, бала -экөөнө тең жанып турган шам чырак ” бул ар бир инсандын жүрөгүнөн түнөк тапкан нарктуу нуска.Окуучум! ,бул нуска сенин да жүрөгүңдөн түнөк табышын каалайм.Силердин бул жарык дүйнөгө келишиңерге себепкер болгон , тарбиялап өстүргөн ата-энеңердин сүт акысын актагын.Аларга болгон урматтооңорду ширин тил менен таза эмгегиңер менен көрсөткүлө.Өмүр боюу аларга ак кызмат кылып, алардын ыраазылыгын алгыла.
“Кулактууга бир сөз” дейт элибизде. Уйдөн ата-эне айтса, мектептен биз мугалимдер айтсак эстүүсү илип кетээр.
Ата-эненин балага болгон мээрими чексиз, көргөн камкордугу , келечегинен күткөн үмүтү чоң. Анда эмесе көрүнүшкө көңүл буралы
Баласы: — Ата, сиз мени чын эле жакшы көрөсүңбү?
Атасы: — Балам, менин сени канчалык деңгээлде жакшы көрөөрүмдү өзүң балалуу болгондон кийин гана данаарак түшүнөсүң!
Ошондон бери : “Балам балалуу болгондо билерсиң ” деген лакап калыптыр.
1)“Ким көрсөтсө ата-энеге урмат-сый
Эрте-кечпи ал өзүнө кайтаттыр”. деген темада көрүнүш аткарышат.
Көрүнүштө Бир үй –бүлөнүн тамактанып жаткан учуру: чоң энеси,ата-энеси жана кичинекей небере. Чоң эне тамактанып жатып идишин сындырып алат. Аны көргөн келини каарданып карганып урушуп кирет.Апасы энесине каарданып урушуп жатканда уулуна тамак ичүүгө чакырат да ,уулунун жыгач оюп жатканын көрөт. Баласынын эмне кылып жатканын сурайт.Ошондо уулу: — “Эртең силер да картайганда идиш сындырып , жаңжал чыкпасын деп силерге жыгачтан идиш жасап жатам” –деп жооп берди.
Көрүнүш боюнча талкуу жүргүзүлөт.

Читайте также:  Как выглядит лицо муравей под микроскопом

2)Окуучулар ата-эне жөнүндө макалдарды айтышат.
1.Ата-эне сыйлаган абийир табат,
Энени сыйлаган элине жагат.
2.Алты күн ачка калсаң да, атаңды сыңла.
3.Атасы үчүн баласын айыпка жыкпайт,
Баласы үчүн атасы эмнени гана укпайт.
4.Уул – тукум, жакшыбы, жаманбы- ысым чакыртат,
Кыз- кыйкым,жакшысы кадыр артырса, жөнү кепке калтыртат.
5. Ата көргөн ок жонот,
Эне көргөн тон бычат.
6.Карынын сөзүн капка сакта.
3) Турмушта ар түрдүү жагдайлар, тагдырлар кездешет.Ата-энесин бакпай карылар үйүнө жеткиргендерди ата-энесине муздак мамиле жасап жаткандарын сын алгыдан, чыгармалардан окуп, көрүп, күбө болуп жүрөсүңөр. Анда эмесе акын Болуш Керимбаевдин “Таш боорлор кандай немесиң?” деген чыгармасын 2 окуучу көркөм окуп беришет.
Ээндеп айдап кемесин,
Элимдин укпай жемесин.
Каарыптар кайрым жайына,
Жеткирди кызы энесин!
Алкаган ыйман батасын,
Агарткан кирсиз жакасын.
Карыптар кайрым жайына,
Жеткирди жигит атасын .
Бышыктоо: Окуучулар сүрөт боюнча иштешет.Өз ойлорун сүрөт боюнча айтып беришет.
Сен билесиңби? деген оюну ойнотулат. Мында окуучулар биринен экинчисине улам гүл узатышып, ата-эненин ыйыктыгын даңазалаган сөздөрдү айтышат. Мисалы:
1)Ата-энең ыйык жана ардактуу билесиңби?
2)Ал сенин эң жакын адамың, билесиңби?
3)Сен орой, ичкич, жолу болбогон адам болсоң да, сени бүт дити менен коргоп, сен үчүн сыздап өтөт, билесиңби?
4)Сен канчалык оорукчан, түрү суук, майып болсоң да , сени эч кимге алмаштырбайт, билесиңби?
5)Сенин кыйынчылыгынды мойну менен көтөрүп, кайгы касиретиңе жүрөгү канап азап чегет, билесиңби?
6)Өзүңдө болбогон кымбат буюмду сенде болсун дейт , билесинби?

Уйгө тапшырма: “Карысы бардын ырысы бар” деген темада дил
баяндарды жазуу

Источник

Карысы бардын ырысы бар

Просмотр содержимого документа
«Карысы бардын ырысы бар»

Сабактын темасы: Карысы бардын-ырысы бар

Балдар карылардын коомдогу, үйдөгү орду жөнүндө түшунүк алышат;

Карылардын кеп-кеңеши дайыма керек экедигин билишет;

Кары адамдарды сыйлоого, дайыма аларга ар тараптуу жардам көрсөтүүгө үйрөнүшөт.

Сабактын методу: интерактивдүү, эссе.

Сабактын жабдылышы: доска, бор, карточкалар, макал-лакаптар, тексттер, сүрөттөр ж.б.

Сабактын тиби: жаңы билим берүү.

Текстти окуп, долбоор түзүү, жактоо

Макал-лакаптарды айтып, талдоо

Суроолор менен иштөө

Сабак: Балдар, карылар – эң ыйык адамдар. Биринчиден алар бизди өстүргөн ата-энелерибизди жарык дүйнөгө алып келип, бапестеп багып өстүрүшкөн, биздин ата-энелерибиз азыркы кезде бизди багып, окутуп өстүрүп жатышат. Өз ата-энесин карыганда ага кам көрүп, ден-соолугунун чыңдыгын текшерип, тамак-ашын бапестеп берип, кийим-кечегинен кем кылбай багуу, алардын кеп-кеңешин угуу ар бирибиздин милдетибиз. Бул адам баласынын жашоосунда муундан муунга өтө турган кубулуш.

Күмүш сакалдуу аталар, ак жоолук салынган мээримдүү чоң энелер төрүбүздүн көркү эмеспи. Карылар – үйдүн куту деп да бекеринен айтылбаса керек. Себеби , карысы бар үйдүн ырысы бар, алар өздөрүнүн кеп-кеңешин айтып дайыма уул-кыздарына, неберелерине жакшы жашоого, түз жүрүүгө багыт берип, тарбиялап турат. Бул болсо жаштардын турмушта өз ордун табууга чоң жардам болот. Элибизде кеп бар эмеспи: «Көптү көргөн көп билет» деген, алар өздөрүнүн турмуш жолунда баштарынан көп кыйынчылыктар, жетишкендиктер, ийгиликтер, окуяларды өткөргөн. Ошонун негизинде көп тажрыйба топтоп алышкан. Ошондуктан карыялардын кеңештери бизге абдан жардам берет. Атам замандан бери эле биздин кыргыз эли улуу адамдарга сый урмат көрсөтүшүп, аларга таазим кылып, алдынан кыя өтпөстөн баш ийип салам айтып келишкен. Ак дасторконду жайып, даамдуу тамак-аштар менен ысык чай узатуу өзүнчө эле сыймык эмеспи. Биз аларды урматтап, сыйлашыбыз керек. Алар биздин туугандырбыз! Аларды сактагыла!

Балдар төмөнкү ырларды көркөм окушат.

Бир айылдын балдары

Бир көчөгө чогулду

Ким ардактуу ким үчүн?

Деген суроо коюлду

Эч ким оюн айта албай

Карай берди ар жакты

А мен үчүн бир гана

Атам апам ардактуу.

Бир эли бөксөрбөгөн сөз үрөнү

Казына карылардын көкүрөгү

Өткөн күн жаңы заман ортосунда

Сөз менен куруп турат көпүрөнү

Атанын өзү турсун аты да ыйык

Муундан муунга өтүп урматталат

Сүрөтү да өзү жокто бизди дайым

Аталык ыйбат менен карап турат.

Мээрим төгүп өстүргөн

Апам мени бапестеп

Балдар силер карыя, чоң ата, чоң апа, тайэне, тайата деген сөздөрдү укканда эмне жөнүндө ойлоносуңар? (Эссе жазышат)

Читайте также:  Как избавиться от грибка ногтей мазь

Эссени окугандан кийин эки группага текст таратам. Текстти окуп чыгып, ватманга сүрөт аркылуу чагылдырат, жакташат.

Илгери өткөн заманда деңиз жээгинде ынтымактуу эл болуптур. Алардын калыстыкты как жарган ханы өлгөндөн кийин ордуна каардуу хан келет. Ал бардык мыйзамдарды өзгөртү, алардын арасына шаардагы 60 жаштан ашкан карыялардын башын алып салуу буйругун киргизет. Ынтымактуу калк айласы кетип акыры макул болууга аргасыз болот. Ошентип хан карыган адамдардын башын жашы улгайган сайын эле алдыра берет.

Күндөрдүн бир күнүндө айылдагы эң акылдуу карыяга кезек келет. Анын акылдуу уулу атасын сандыкка салып эч бир жанга көргөзбөй багат. Ал аңгыча хандан буйрук келет. Суу жээгинен алтын кумураны көрөт да бардык жаш балдарды чогултуп алып мындай : «Эгерде кимде ким ушул кумураны таап чыкпаса башын алам » дейт. Күндөр өтүпайлар өтүп акылдуу балага да кезек келет. Ал атасынан акыл суроого барат. Атасы чечкмндүүлүк акылы менен ал алтын кумура сууда эмес ал жанындагы чынардын башында күнгө чагылышып суудан көрүнөт дейт. Карыянын баласы атасы айткандай эле чынарга чыгып караса кумура илинип туруптур. Алтын толгон кумураны алып хандын алдына барат.

Хан жигитке ыраазы болуп ага тилеген тилегиңди айт дейт. Жигит атасынын картаң болсо да акылдуу экенин жана карыялардын бир эл үчун аябай керектүү акылманы болоорун айтып, атасынын жана жалпы эле ошол айылдын карыяларынын өмүрүн сурап калган экен.

Хан болсо ушуга чейин канча деген балдар барып таппай, өмүрү кыйылды, демек карыялардын кеңеши, акылы жакшы турбайбы деп ойлонуп калган экен.

Илгери өткөн заманда бир айылда Кадыр аттуу бала жашаптыр. Ал өз ата-энесин өмүрүндө сыйлаган эмес экен. Ал гана эмес катуу сөзү тийип, кээде колу да тийчү экен. Бир күнү болбогон бир иш менен атасы менен урушуп кетип, бир чоң дөбөнүн үстүнө жеткенде атасын аябай сабап коюптур. Көргөн эл жерге түкүрүп, баланы аябай жаман көрүшөт. Күндөр өтүп Кадыр өзү да балалуу болот. Баланын атын Тилек коёт. Тилек да өз атасындай болуп, ата-энесин сыйлабаган бала болуп чоңоёт. Бир күнү атасы менен урушуп кетип, баягы дөңдүн үстүндө Тилек атасы Кадырды уруп жатканын эл көрүшөт.Ошондо бул окуяны көргөн кары адамдар: «Жашоонун табышмагын карасаңар, так ушул жерде мындан бир нече жыл мурун Кадыр өз атасын урду эле, эми минтип ошол окуя ны баласынан көрүп жатат» дешкен экен.

Ошондон бери эл арасында ата-энеңди кандай сыйласаң, өз балаңдан ошондой сый көрөсүң деген сөз калыптыр.

Келгиле балдар доскада илинген макал-лакаптарды окуп, кыскача чечмелейбиз.

Кары кеңеши менен

Жаш келсе ишке, кары келсе ашка

Ата сөзү – алтын, көнүл коюп уксаң

Ата сөзүн укпасаң, ажырайсың журтуңдан.

Атың барда жер тааны, атаң барда эл тааны.

Карысы бардын ырысы бар!

Заманы жакшы болсо , карысы жаш болот.

Агайындын кадырын , жалалуу болсоң билээрсиң

Ата-эненин кадырын, балалуу болсоң билээрсиң.

Атаны көрүп уул өсөт, энени көрүп кыз өсөт.

Кары адам – үйдүн куту.

Карысы бар үйдүн карааны чоң.

Карыга катуу айтпа, ката кетирсе жаакка чаппа.

Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү

Карылар – кагылайын үйдүн куту

Карылар кагылайын элдин куту

Жакшы сөз, кеп-кеңешин аябаган

Кадырман калайыктын уюткусу.

Кайгыдан адам картаят, шаттыктан адам жашарат.

Өнөр башы — аталар

Адеп башы — энелер

Карысы жок эл болбойт,

Тулаңы болбой жер балбойт

Карынын кебин капка сал

Кары билет кааданы

Карчыга алат сонону

Көрдүңөрбү балдар кыргыздын ар бир макалынын маанисинин тереңиде өзүнчө бир философия жатат, алар турмуштан алынат.

Бүгүнкү биздин майрамдык сабагыбыз да аяктап баратат. Келгиле балдар сабактан кийинки ой-толгоолорубуз менен бөлүшөлү. Даракка илинген карточкаларды алып, андагы суроолорго жооп беришет.

Жыйынтыктоо үчүн суроолор:

Ата-эне бактылуу болуш үчүн сен эмне кылышың керек?

Келечекте ата-эненин бактылуу, татыктуу карылыгын камсыз кылуу үчүн кандай ой пайда болду?

Карылар үйдүн куту деген сөздүн маанисин чечмеле.

Карылар кандай максат менен бизге акыл-кеңештерин айтышат?

Акылдуу, таланттуу карыялардан кимдерди билесиңер?

Бардык эле карыялар акылдуу, жакшы деп ойлойсуңбу?

Өзүңдүн карылыгыңды кандай элестетесиң?

Эми Сыймык өзүнүн «Апакем» деген ыры менен апаларыбызды куттуктайт. (Сыймык ырдайт).

Мына балдар биз силер менен бүгүн Карылар үйдүн куту дегенге дагы ынандык. Демек силер жакшы тартибиңер, окууңар, мамилеңер менен ата-апаңарды, чоң ата, чоң апаңарды, тайэне, тайатаңарды сүйүнтөт экенсиңер. Силер да келечекте чоңоюп, бойго жетип үй-бүлө курасыңар, балалуу болосуңар. Ошондо ата-энеңер менен чоң ата, чоң апаңарды эстейсиңер. Турмушта туура багыт алып, ордуңарды таап, балдарыңардын сыйын көргүлө. Ал үчүн ушу мезгилден баштап карыларды жакшы көрүп, сыйлагыла. Көчөдөн көрсөңор дайыма ийилип салам бергиле, коомдук транспортто орун бошотуп берип, эгерде жардамга муктаж болсо эч качан колуңардан келген жардамыңарды аябай жакшылык кылып, бата алгыла.

Үйгө тапшырма: Чоң ата, чоң апа, тайэне, тайаталарыңардын эмгек жолу, балалык чагы жөнүндө билип, аңгеме жазып келгиле.

Источник

Оцените статью
Избавляемся от вредителей